Сокулуктагы Новопавловка мектебинин кошумча корпусу быйыл пайдаланууга берилет

0

Сокулук районунун Новопавловка мектебинин кошумча корпусунун курулуш иштери 90%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган корпус 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан курула баштаган.

«Бүгүнкү күндө мектептин ичин жууп тазалоо, эмерек жана жабдууларды иретке келтирүү, мектептин айланасына асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.