Димаш Кудайберген эртең “Мейкин Азия” фестивалында ырдайт

0

Димаш Кудайберген “Мейкин Азия” эл аралык фестивалында акысыз ырдап берет.

Бул тууралуу маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.

“Димаш Кудайбергендин карьерасы аталган фестивалдын баш байгесин алган 2013-жылы башталган. Иш-чараны колдоп, ырдап берүүнү сунуштады”, — деген ал.

Димаш фестивалдын акыркы күнү — 22-июлда ырдайт. Иш-чаранын өзү кечээ башталды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.