Ушакчы болуудан кантип кутулса болот?

0

1. Дуба кылуу.
Ар дайым намаздарыбызда Алла Таалага жалынып «тилимди гыйбаттан сакта»- деп дуба кылыныз.

2. Истигфар айтып, кечирим суроо, тообо кылуу. Бир гыйбаттан кийин, дароо 50 же 100 жолу истигфар айтыныз.

3. Садака берүү.
Ар бир гыйбаттан кийин бирөөгө садага берүүнү адат кылыныз же бир идиш даярдап, ар бир гыйбаттан кийин ага акча (тыйын) таштай бериниз. Айдын аягында аны садака кылып таратып бересин. Ошондо бир айда канча адамды ушактаганыныз белгилүү болот.

4. Ушактаган адамынызга жакшылык кылуу.
Шариятта гыйбат кылган адамдан барып кечирим суроо керек же аны эл алдында мактоо же бир жакшылык кылуу зарыл.

5. Бирөөнү гыйбат кылуудан мурда кабырды, кабыр азабын ойло. «Гыйбаттан кутулган адам кабыр азабынын үчтөн биринен кутулат»-деген аалымдардын сөзү бар. Кабырдагы азаптын көбү ушак менен гыйбаттын айынан болоору куттуу хадисте да айтылган.

6. Досторуна,аялына ж.б. сага күйө турган адамдарга «Мен бирөөнү гыйбат (ушак) кылып баштасам, мени дароо токтот»-деп эскертип коюңуз.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.