Нарын облусунун аймагында УКМК тарабынан ок атуучу куралдар табылды

0

Нарын облусунун аймагында УКМК тарабынан ок атуучу куралдар табылып алынды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлады.

Курал-жарактарды, жарылуучу заттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын 20-майында Нарын облусунун аймагында 267-берененин 2-бөлүгү (Жылмакай калибрлүү аңчылык куралдарынан жана алардын ок-дарыларынан башка ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, М.Н.Т. жана М.Т.Т. аттуу жарандардын жашаган жерин тинтүү учурунда, КР УКМК тарабынан ок атуучу куралдар табылып, алынды.

Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.