УКМК башчысы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдары жана атайын кызмат жетекчилеринин кеңешинин 58-жыйынына катышты
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 2026-жылдын 25-майында Иркутск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 58-жыйынына катышты.
Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу кеңири маселелерди талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы иш-чарада баяндама жасап, анда эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүнүн жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарга туш болууда КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосунда тыгыз кесиптик диалогду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар өнөктөштүктү андан ары бекемдөөгө жана Шериктештикте коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого багытталган бир катар практикалык чараларды ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.