УКМКнын терроризмге каршы күрөшүү борбору координациялык жыйын өткөрдү

0

Кыргыстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Терроризмге каршы күрөшүү борбору Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы №551 буйругу менен бекитилген 2023-2027-жылдарга карата Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча координациялык жыйын өткөрдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын, Бишкек шаардык мэриясынын, министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты Программанын жана Иш-аракеттер планынын максаттары жана негизги багыттары, натыйжалуу ишке ашыруунун жол-жоболору жана механизмдери жөнүндө маалымат берүү жана түшүндүрүү, ошондой эле бул стратегиялык документтерди ишке ашырууга катышкан негизги мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жана ишке ашыруу боюнча тиешелүү маалымат алмашуу болду.

Жыйындын жүрүшүндө Президенттин Администрациясынын жана КР УКМКнын Терроризмге каршы күрөшүү борборунун өкүлү бир катар кемчиликтерди белгилеп, алар эске алынып, иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча сунуштар берилди.

Сунушталган Программа жана Иш-аракеттер планы бул жааттагы кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү жана экстремизм менен терроризмден келип чыккан тобокелдиктерге жана коркунучтарга өкмөттүн натыйжалуу жооп кайтаруусун камсыз кылуу боюнча бир катар чаралардын комплексин ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону камсыз кылуу аркылуу экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча КРнын мамлекеттик саясатын ишке ашырууну карайт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.