УКМК трансулуттук баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду — ВИДЕО

0

УКМК кызматкерлери Ооганстандан чыккан баңгизаттарды бир нече мамлекет аркылуу Кыргызстанга жана андан ары коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн токтотушту.

Мекеменин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында бул кылмыштуу тармак ири көлөмдөгү баңгизаттарды аткезчилик жол менен алып өтүү, ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенип келгени аныкталган. Топтун курамында Кыргызстандын жарандары менен катар чет өлкөлүк жарандар да болгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, баңгизаттар Ооганстандан туруктуу транзиттик каттамдар аркылуу бир катар мамлекеттерди аралап өтүп, андан соң Кыргызстандын аймагына жеткирилип, мындан ары башка өлкөлөргө жөнөтүлүп турган.

Атайын операциянын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери заманбап техникалык каражаттарды, Чек ара кызматынын дрондорун жана Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдорун колдонуу менен баңгизат жеткирүү маршруттарын жана кылмыштуу схеманын катышуучуларын аныкташкан.

Жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн болжол менен 50 килограмм баңгизат алынган.

Баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камалды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. УКМК эл аралык кылмыштуу тармактын бардык мүчөлөрүн аныктоо жана калган баңгизат ташуу каналдарын жабуу боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.