Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Польшада өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти.
67 кг салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалдык беттеште Норвегиянын өкүлү Хаавард Йоргенсенди 2:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Ал буга чейин Бейшекеев турнирде үч беттеш өткөрүп, катары менен жеңишке жеткен.