Бишкекте Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму башталды

0
Бишкекте «Кыргызстан — Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда» аталышындагы Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат.
Иш-чара мамлекеттик органдардын, өнүгүү институттарынын, каржылык уюмдардын жана Кыргызстан менен Кытайдын ишкелер чөйрөсүнүн 300дөй өкүлүнүн башын бириктирди.
Катышуучулар инвестициялык кызматташууну, өнөр жай кооперациясын, өндүрүш, транспорттук, энергетикалык жана логистикалык инфраструктураны, заманбап жана «жашыл» технологияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда.
Форумдун алкагында эки тараптуу B2B жолугушуулар пландалууда, мында Кыргызстан менен Кытайдын компаниялары долбоорлорун көрсөтүп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун жолдору сөз болмокчу.
Жыйынтыгында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга, коммерциялык келишимдерге жана башка документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Уюштуруучулар Кытай лидери Си Цзинпиндин Кыргызстанга болчу сапарынын алдында өтүп жаткан форум эки өлкөнүн экономикалык байланышын бекемдөөгө, ишкерлердин алакасын жөнгө салууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болорун белгилешти.
Инвестиция боюнча улуттук агенттик жакынкы арада Кыргыз-герман ишкерлер кеңеши жана Корея менен Борбор Азия бизнес-саммитин өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады. Ал эми күзүндө II «Борбор Азия жана араб мамлекеттери» инвестициялык форум өтмөкчү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.