УКМК «Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан» баңги каналын уюштурган топту кармады

0

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында «Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан» багыты боюнча баңги каражаттарын жеткирүүнүн жана сатуунун эл аралык каналын уюштурган баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Тактап айтканда, салмагы 1 кг 100 грамм болгон баңги каражаттарын сатуу учурунда Кыргыз Республикасынын жарандары М.Д.Н. жана Н.А.К. кармалды.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

  

Get real time updates directly on you device, subscribe now.