Соңку жылдары кытай-кыргыз мамилеси жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен «Ынтымак ордодогу» жолугушууда билдирди.
Кытайдын лидери эки тараптуу кызматташуу бардык тармактарда өр алып бара жаткандыгын белгиледи. Мунун ичинен Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолунун курулушу ишенимдүү бара жаткандыгына токтолду.
«Кытай Кыргызстан менен биргеликте өнүгүүнүн стратегиясын бекемдеп, мамлекеттик башкаруу жаатында тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө жана практикалык кызматташтыктын жаңы натыйжаларына жетүүгө даяр», — деди Си Цзиньпин.
Эске салсак, 30-августта Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип түшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.