Мектепке кабыл алуу. Биринчи класска каттоо 15-сентябрда аяктайт

0

Кыргызстанда биринчи класска электрондук каттоо 15-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Агартуу министрлигинен билдиришти.

1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарга караганда, республика боюнча мектептер биринчи класска 142 миң баланы каттады.

Бишкекте 25 миңден ашык бала окууга кабыл алынды. Анын ичинде 13,5 миңге чукул орун кыргыз тилинде окутуу класстарында, 11,9 миң орун орус тилинде окутуу класстарында ээленди. Борбор калаада дагы 1 миң орун бош турат.

2026/2027-окуу жылына карата республика боюнча квоталардын жалпы саны — 193,3 миң. Дагы 51 миң орун бош.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлсө, учурда жашаган жери боюнча каттоосу жок эле бош орундары калган мектептерге катталууга болот.

4-августтан 5-сентябрга чейин кабыл алынган балдардын ата-энелери мектепке төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы;
  • алган эмдөөлөрү (прививка) тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы.

Окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.