Тамара Жаманбаева менен коштошуу зыйнаты 30-сентябрда өтөт

0

Кыргыз телевидениесинин алгачкы диктору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Тамара Жаманбаева менен коштошуу зыйнаты эртең, 30-сентябрда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, коштошуу саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.

Тамара Жаманбаева Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын апасы.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-сентябрда маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тамара Жаманбаева 83 жашында дүйнөдөн кайтты.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.