КР УКМК КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Ош» бажысы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө «Бими Ош Сервис» бажылык тариздөө жайынын (БТЖ) пайдаланылбай турган имаратынан курал-жарак сактоого атайын жабдылган жайды аныктады. Аталган жерден ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган сейф табылды.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында төмөнкүлөр табылып, алынды: ок атуучу тапанча – 3 даана; ок салгычтар – 5 даана; 12 мм калибрдеги патрондор – 31 даана; 9х17 мм калибрдеги патрондор – 47 даана; 9 мм калибрдеги патрондор – 14 даана; АМГ патрондору – 8 даана; рациялар – 3 даана.
Учурда материалдардын алкагында алынган курал-жарактардын жана ок-дарылардын келип чыгышы, ошондой эле жашыруун жайды уюштурган адамдар аныкталууда.
