Кыргызстанда жасалма интеллектинин этикалык эрежелерин бекитүү сунушталууда

0
Кыргызстандын министрлер кабинети жасалма интеллектинин (ЖИ) этикалык эрежелерин бекитүүнү сунуштоодо.
Коомдук талкууга коюлган өкмөт токтомунун долбооруна ылайык, бул эрежелер өлкөдө ЖИ системдерин жайылтууда колдонулушу шарт.
Документтин негизги талаптары:

Жасалма интеллектинин иши жана анын жараткан натыйжалары үчүн бул чөйрөнүн катышуучулары өздөрү жоопкерчилик тартат. Алгоритмдердин өз алдынча бүтүм чыгарышы, эсептөө өзгөчөлүктөрү же жаңылыштыктары жоопкерчиликтен бошотпойт;

ЖИ технологияларын адамдын кызыкчылыгында жана анын чечимди өз алдынча кабыл алуу укугун сактоо менен гана колдонууга уруксат берилет. Алгоритмдер аркылуу колдонуучулардын жүрүм-турумун манипуляциялоого тыюу салынат;

Кыргыз тилинин нормаларын тутумдуу түрдө бурмалаган алгоритмдерди колдонууга жол берилбейт. Ошондой эле мамлекеттик тилде толук кандуу интерфейс болушу керек;

Тарыхый инсандардын жана мамлекеттик ишмерлердин беделине, ар-намысына жана ишкердик аброюна шек келтирген жалган маалыматтарды камтыган контентти жаратууга тыюу салынат. Бул үчүн атайын чектөөлөр жана фильтрлер киргизилиши зарыл;

Жарандарга алар боттор менен баарлашып жатканын алдын ала маалымдоо, ошондой эле ЖИ жараткан бардык контентти милдеттүү түрдө белгилөө талап кылынат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.