Казакстанда вирустан 264 адам каза болуп аза күтүү күнү жарыяланды, биздечи?

0

Коңшу Казакстанда 13-июль коронавирус инфекциясынан каза болгон казакстандыктар үчүн жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев телекөрсөтүүдөгү кайрылуусунда айткан.

«Мен пандемиянын курмандыгы болгон казакстандыктар үчүн өлкөдө 13-июлду жалпы аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим”, — деген Токаев.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда жалпы 51 миң 59 адамдан коронавирус аныкталды. 264 адам каза болсо, 16 миң 298 бейтап айыгып чыкты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.