Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 11 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Нарын облусунда – 1
• Ош шаарында – 2
• Баткен облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 3
• Чүй облусунда – 1
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 31 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2959 учур катталды, алардын ичинен 2178 медкызматкер айыгып чыкты.