Кыргыз элим өлкөбүздө акыркы 30 жылдагы эң таза шайлоо бүгүн өтүүдө. Форма-2 жоюлду, шайлоочулар дүңүнөн ташылган жок, студенттерге, мамлекеттик кызматкерлерге басым болгон жок. Демек, азыр калктын саясий активдүүлүгүнүн реалдуу көрсөткүчү келип чыкты… Эркиндик жана чынчылдыктын чыныгы көрүнүшүнө күбө болуудабыз.
Эксперттер айтыныздарчы, эркин, демократияны тутунган, батыш өлкөлөрүндө активдүүлүк кандай болот? Албетте менин эсимден чыккан жок. Ал жерде деле бүгүнкү биздегидей орун алат. Таза шайлоо өтүп жатканын адмнистративдик ресурс колдонулбаганын эл аралык байкоочулар, айрым шайлоого катышып жаткан талапкерлер да белгилеп чыгышты.