Абысыным каза болгондо бөлмөсүнөн бир сандык толо акча чыгып, жакабызды кармандык

0
Жайдын ысык күнүндө, көлгө барып эс алалы дедик. Саруу айылында жашаган таежемдикине бардык. Кереметтүү  көл, ажайып кооздук, жапжашыл болгон тоо, таза аба, көз тойбой сүйүнөбүз. Бизди келет деп таежем казанга, жытын буркуратып дымдама жасап, дасторконду кенен жайып күтүп алды. Айылдын өзүнүн бир сонун берекеси бар, кымыз, сүт, айран ичип жыргап калдык. Күндүз тамак жасап алып көлгө кетебиз, кечинде туугандар кечки тамакка чакырышат.Кечээ мен күнгө аябай күйүп калып этим ысып барбай үйдө калдым. Түштө таэжем алма бак жакта жүрүптүр, мен да бардым. Аңга бир нерсени күйгүзүп жатыптыр, биринчи маани берген жокмун кийин көрүп оозум ачылды.Мени көрүп таэжем аябай күлдү. Менин ордумда башка адам болсо деле ушундай ахывалга келмек. Өрттөп жатканы кадимки эле союз убагындагы, биз бала кездеги акчалар. Белинен эки кызыл сызыгы бар, банктын ак кагазы менен курчалган. Бир, үч, беш, жыйырма беш сомдуктар. Өңү бозоруп, чети убаланып кеткен. Бул эмне? бул кайдан? — деп суроо жаадырдым. Таэжем аягына чейин күйгүзүп койуп, суу чачып өчүрүп үйгө кирдик. Мен болсо жооп күтүп чыдамым кетип калды. Таэжем мага чайын сунуп, өзүнө чай куйуп алып оңдонуп отуруп, сөзүн баштады. Ал кезде мен жаңы келин болуп келгем, мен төртүнчү келин болчумун. Эң улуу кайнагам аялы экөө совхоздун малын бакчу,балдары жок болчу. Абысыным окубаптыр жумушка тың үчүн алып берип койуптур. Акчаны да таанычу эмес экен. Кайнагам экөө алган айлыктарын сары сандыка сала берчү экен. Ал кезде малчыларга деп жакшы товарлар келчү экен, абысыным рулону менен ала берчү экен. Убакыт өтө берди, абысыным балалуу болгон жок, багып деле алайын дебеди. Союз тарап, совхоз жоюлганда айылдын четинен бир үй алышкан. Ал үйдүн төркү бөлмөсү дайыма жабык жана чооң кара кулпу илинип турчу. Кийин карылык келип, оору тооруй баштаганда ойлонушту окшойт. Абысыным биз өлсөк үйдү бир балаңа берели дешти. Биз карамай болдук. Ооруп калганда шаарга алып келдим, доктурга көрсөтсөк кызыл өңгөчүнөн рак экен. Базардан көйнөк, жоолук апкелип көңүлүн оорутпай акыркы сапарына жакшы узатып койолу дедим. Доктурга көп акчаң кетип калды деп, бир көк пакетти берди, карасам боолонгон акча толтура. Ушунча акчаң менен дарыланбай жүрдүң деп уруштум. Үйдө да жарабай калган акча толтура деди, түшүнгөн да жокмун. Жеңемдин оорусу күчөп суудан башка эч нерсе ичпей калды. Өлсөм да үйдө өлөйүн дедиби үйгө жеткиргиле дей берди. Айылга келгенде өзүн таштап койду. Малын даярдап, үйдүн тегерек четин тазалап жүрдүк. Баягы төркү үйүнүн ачкычын деле сурай алган жокмун. Ошентип жеңебиз бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Кайнагам жаш кезинен эгиз козудай ээрчишип көнүп калган неме жетимсиреп эле калды. Аны көрүп карган киши кемпиринин артында калса жаман тура деп боорум ооруйт. Өлсөң баары каларын эми түшүндүбү, кечки тамактан кийин баары силердики үй, мал деп төркү үйүнүн ачкычын берди. Мен өлсөм кемпиринин жанына көөмп койгула деп керезин калтырды. Эртеси баягы бөлмөнү ачып кирдим, тобоо союз убагындагы дүкөнгө киргендей эле болдум. Курган жеңем мунун баарын эмне жыйнады экен, эмне гана жок. Жада калса «шипр» деген одеколон коробкасы менен бар экен,бир каробка кадимки эле кир самын. Ошол кездеги томпок көк бөтөлкөдөгү арактар, айнек идиштеги шампунь, баасы жазылган кагазы бар шейшептер, сүлгү, майлык, жоолук деги койчу. Тамдын шыбына чейин жыйылган кездемелерди сурабай эле кой. Баарынан кызыгы жүктүн астындагы сары сандык болду. Ачып алып оозум ачылып эле калдым, баягы жеңемдин жарабай калды деген акчасы экен. Союз убагында алган акчаларын ушу сандыка сала берип толтура экен. Бир сандык акчаны көрүп өзүң башкача болосуң. Өмүр бою иштеп тапканын бир тыйын албай кетерибизди билсек да эмне мынча жанталашабыз. Бул бөлмөдөгү буюмдарды эмне кылыш керек деп сорттоп баштадым, көбү жарабай эле калыптыр. Тизилген кездемелердин ортосу чирип кетиптир. Акчаларды банк алмаштырып берет дегенинен алпарсак мөөнөтү өтүп кетти деп алмаштырбай койду. Тааныштарга, туугандарга пачкалап берип тамашалап чай ичип койгула дедим. Баары ушу акчанын убагында кандай гана берекелүү эле деп эстеп жатса, кее бирөө жеңемдин ач көздүгүнө таң калып жатышты — деп сөзүн аяктады. Аябай кызыгып алганга мага да көрсөтүңүзчү — дедим. Илгерки оор сары сандык экен, ичинде жарымынан дагы да акчалар бар экен,эски акча болсо да кармалап көрүп көзүм жайнап кетти. Эртеси калгандарын отко салып өрттөп жаттык, адамда баары бир ачкөздүк жашайт экен, отко салган сайын ичим тыз тыз дейт. Бирөөнүн өзү тапканы өзүнө буйурбаса мага буйурабы деп баарын өрттөп салдым. Бир убакта эң сыйлуу төркү үйдүн төрүндө турган сары сандык, бүгүн кампада, жездемдин балка, балта салган сандык болуп калды. Акча колдун кири дегендей, өзүбүз аман болсок баары табылат. Аман болуңуз окурманым.  Румо Osmon.media

Get real time updates directly on you device, subscribe now.