Акылбек Жапаровдун Кытайга сапары башталды

0

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары башталды. Ал 29-февралдын кечинде Кашгар шаарына барды.

Кашгар шаарында ККПнын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй менен жолугушту. Анда Акылбек Жапаров «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл өткөрүү пунктарынын иши жакшыртылганын айтып, «Эркечтам» пунктуна көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн маалымдады. Ошондой эле «Бедел» жаңы өткөрмө пунктун ачуу жана «Барскоон-Учтурфан-Аксу» жолунун курулушу боюнча кеп козгоду.

«Биздин мамлекеттердин башчылары Беделди ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту. Албетте, «Бедел» өткөрмө пункту өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошоору шексиз», — деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары тараптар жолугушууда Энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо электрондук соода жана бондалык зоналар туурасында маселелерди кенен талкуулашты. Акылбек Жапаров Ош-Кашгар-Ош авиа каттамын ачуу сунушун киргизди.

Минкаб башчысы Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь уйгур автоном районунун өкмөттөрүнүн жолугушуусуна катышат. Мындан тышкары «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктуна, Кашгар эркин экономикалык аймагына, Кашгардагы Нарын эркин экономикалык аймагынын кампасына, «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун бондалык кампасына барат.

Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда 2-мартка чейин болот. Сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.