Анжелика: Бизге 5 мандат берилип жатат бирөөсү меникик

0

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна «Биздин Эл» партиясынын тизмеси мене катышкан ырчы Анжелика Кайратова билдирүү жасады.

Ал өзүнүн мандаты тууралуу сөздөргө жооп кайтарып, БШКга депутат катары өткөнүн, бирок жумушка ден соолугун толук калыбына келтирген соң чыгарын айткан.

«Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам. Бирок менин көздөгөн максатым — элге кандай болсо дагы пайда алып келүү! Ден -сооолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу, же жарым жылда болобу, мен шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес маалымат. Буйруса, эми кенен басып, кенен иштеп, аркамдагы күчтүү командам менен көптөгөн жакшы иштерди жасап, элдин батасын алып, келечеке жол курган жаштардан болобуз! Бул жеңиш бизге оңойго турган жок», — деп Инстаграм баракчасында билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, ырчы Анжелика партиянын тизмесине №6 болуп турат. Бирок БШКда «Биздин Эл» партиясына учурда 5 мандат берилет. Эрежеге ылайык, тизмедеги алдыңкы беш жаран шаардык кеңештин депутаты боло алат. Алардын бирөөсү мандаттан баш тарткан учурда гана тизмедеги кийинки жаранга анын мандаты берилүүсү мүмкүн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.