Анжеликанын депутаттык мандат алуусу арсар болууда

0

Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болгон ырчы Анжелика алдын ала жыйынтык боюнча мандат алган жок.

Автоматтык түрдө эсептеген урнанын алдын ала маалыматына ылайык, мандаттар алты партияга бөлүштүрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган маалымат боюнча, «Биздин эл» партиясына беш мандат буюрушу ыктымал.

Ырчы азырынча тизме так эмес экенин, баары Кудайдын буйругу менен болорун билдирди.

Кечээ, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Анда 25 партия шаардык кеңештин 45 оруну үчүн ат салышкан.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.