Апрель революциясында каза болгон баатырдын кызы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды

0

Апрель революциясында каза болгон баатырдын кызы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды
“Баатырлар үмүтү” бейөкмөт уюмунун теңтөрагасы, апрель ыңкылабында каза болгон кыргыз жаранынын кызы Айчүрөк Камаева “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровго жооп берди.
Анын билдирүүсү төмөндө келтирилген:
«Урматтуу Адахан Кимсанбаевич! Апрель окуясында курман болгондорду каралоо максатында айткан сөздөрүңүзгө жооп бергим келет.
Биринчиден, бул окуялар боюнча сот алты жылдан бери жүрүп жатат, күнөөлүүлөр аныкталды.
Экинчиден, айтайын дегеним, ошондо кандуу күч атамды өлтүрдү – ок жүрөккө тийип, ички органдарын талкалап салган. Мен өзүм өлүкканадан анын сөөгүн көрдүм.
Үй-бүлөбүздүн ошондогу окуяларын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Атам олигарх эмес, чоң кызматтарды ээлеген эмес… Бирок анын эң жакшы сапаттары бар эле. Ал акылман, жөнөкөй жана чынчыл, чыныгы мамлекеттик ишмер болгон. Тирүү болгондо азыр сиздей болуп бала-чака, неберелердин курчоосунда олтуруп, жашоонун ырахатына бөлөнүп жүрмөк.
Жакындарын жоготкондордун сезимдерин айтып жеткирүү кыйын. Адам бир нерсе айтуудан мурун сөзүнө жооп бериши керек. Шейит болуп каза болгондорго жаман сөз айтууга моралдык укугуңуз жок. Сиз бул адамдардын катарында болгон эмессиз. Же сиз да ошол күнү жакындарыңызды жоготтуңузбу? Ушунча жылдан бери бийликти колго алам деп жүрдүңүз, эл сизди колдобой жатат. Эми айласыздан канкор Бакиевдин жактоочуларынын колдоосун алууга аракет кылып жатасыңар.
Биз сиздин чириген долбоорлоруңузду түшүнөбүз. Эми кимдин ким экенин эл билет. Бийликке, байлыкка умтуласыз, Мекен үчүн курман болгондорду, алардын үй-бүлөөлөрүн кордойсуз. Бирок бул кадамдар сизди жакшылыкка алып барбайт. Бир нерсе айтуудан мурун ойлонуңуз. Адахан жылдар өтсө да акылман болбоду деп эл бекер айтпайт».
Эске сала кетсек, буга чейин Адахан Мадумаров үгүт иштеринде “Апрель революциясында курман болгон жигиттер аянттан атылган эмес” деп айткан.
«Каза болгондордун сөөгүнөн алынган бир да ок кыргыз аскерлеринин курал-жарактарынан атылган эмес. Октун көбү арт жактан тийген. Алар аңчылык куралын колдонушканы аныкталды», — деди ал.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.