Ар бир жыл, ай, күндөрүңө максат кой!

0

1. Өмүрлүк, жылдык, айлык, күндүк, сааттык максат, милдет менен жашап үйрөн.

2. Баардык ишти өз учурунда жаса. Аткара албасаң, ордун кечиктирбей толтурууга аракет кыл.

3. Баардык учурда иштериңди убакыт менен кошо пландап, ошол убакытта аткарууга аракет кыл. Эгер аткара албасаң, себебин үйрөн, катаңды түзөп үйрөн.

4. Учурунда иште, эс ал, ойно, укта, бирок бир саат да бекер, себепсиз кетпесин.

5. Бир жумуштан чарчаганыңда, башка түрдүү иш аткарып эс алсаң да болот. Анткени адам көбүнчө иштен эмес, бир түрдүүлүктөн чарчайт.

6. Тууган, досуңдун да сенин убактыңды артыкча бекер, ашыкча алуусуна жол бербе.

7. Ар күнкү аткарган жана аткара албаган ишиң жөнүндө өзүңө-өзүң жооп бер.

8. Улуу иштерди бүткөрө алган адамдардын өмүрүн, убакытты пайдалана билүүсүн окуп, сурап үйрөн, өз өмүрүңдө пайдалана бил.

9. Бир ишти өз убактыңда бүткөрө албасаң, башка ишти мөөнөтүнөн илгери бүтүрүп, убакыттан озо бил.

10. Ар кыл ишти рационалдуу, өз убагында аткарууну үйрөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.