Асан Турсункулов:«Өлгөн адамга акыркы сый урмат, арбакты урматтоо өз абалында калсын!»

0

«Өлгөн адамга акыркы сый урмат, арбакты урматтоо өз абалында калсын!», — деди бүгүн, 24-июлда NazarNews маалымат агенттигине сүрөтчү Асан Турсункулов.

«Ай айланайын, Улукбек Ормонов! Менден кичүү болсоң керек эле? Акылдуу жигит деп жүрсөм, тапкан акылың ушулбу? Кудайды карасаң боло? Кээ бир адамдардын алака катышы көп болот. Кыргыз элинде куда сөөк тууган урук деген байланыштар өтө терең. Чакырбасаң деле келет. Анын үстүнө той кылсаң кантип 50 адам чакырасың? Өзү аялы келсе эле 100 болот. Анан кыргыз эли касиеттүү эл! Сырдуу дүйнөнүн кубулуштарга толгон ыйыктыктары бар. Ошол ыйык нерселерди, үрп-адаттарды кыргыз эли гана жасайт, башка эл жасабайт. Өлгөн адамга акыркы сый урмат, арбакты урматтоо өз абалында калсын!

Тийишпегиле! Элдин өзүнүн турмушун өзүнө койгула? Ансыз деле 30 жылдан бери өз киндигин өзү кесип келе жатат. Андан көрө диний агымга көз салгыла. Балээнин баары ошол жакта. Кыскасы, Улукбек, бул мыйзам жарабайт, артка кайтар!». – деп белгиледи Турсункулов.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.