Асел Шерниязова «Алтын глобус» ассоциациясынын Борбор Азиядагы алгачкы өкүлү болду

0

Голливуддагы чет элдик басылмалар ассоциациясынын «Алтын глобус» уюмуна Борбор Азиядан алгачкы жолу кыргызстандык Асел Шерниязова өкүл болуп калды.

HFPA сайтындагы маалыматка караганда Асел Шерниязова ассоциацияга жаңы кошулган 21 мүчөнүн, ошол эле учурда уюмдагы 48% түзгөн аялдардын, 24% түзгөн азиялыктардын бири.

HFPA ассоциациясынын 87 мүчөсүнүн ичинде европалыктардан башка раса өкүлү жоктугунан улам чыккан чатактан кийин уюм реформа жүргүзүп, жаңы 24 мүчө тандаган.

Жакында уюмда жаңы башкы директор, аткаруучу директор жана башка жетекчилер дайындалары күтүлүүдө.

Кыргызстанда туулуп-өскөн Асел Шерниязова 2015-жылдан бери Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival уюмун жетектейт жана «Акипресс» агенттиги менен кызматташат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.