Менин жашым 21де. Апамдын жашы 43тө. Кеп апам жөнүндө. Апам айылдын эле карапайым кызы. Сурайын дегеним атамдан көп кордук көрүп ооруп жүргөн. Өзүм 6 бир туугандым эң улуусумун. Менден калгандары бут кичинекей. 6 ай мурун апам ажырашып сотко арыз жазганбыз. эртен мына сот деген күнү атам өзгөрдүм болду урбайм сокбойм деп алып кетти . Кыздарым жаш күйөө балага да уят барып жашайын деп кетип калган апам. Мен күйөөм менен шаарда турам. Апам айылга кеткенден кийин көп узабай эле сиңдим чалып апам чарчадым өлбөсөм атандан кутулбайт окшойм деп асынганга аракет кылды дейт.
Атам апамды аябай катуу урат. Көрбөгөн кордукту көрсөтөт. Апамды жоготуп алуудан корком. Сиңдилеримдин баары кичинекей. Апам биз үчүн жашасын да. Апам айлам кетти дегенинен психолог жардам береби көрсөтсөкпү дедим эле урушбай жакшы кеңеш бериниздерчи. Апама кандай кеңеш берсем болот. Күйөө балама жүк болом деп биздикине келгенден тартынып жатат. Кандай кылсам болот?
aiymdar.ledy (Инстаграм баракчасынан алынды)