АЯЛ ҮЙДҮН ПОДЪЕЗДИНДЕ ТАМЕКИ ЧЕГИП ОТУРГАН КОШУНАСЫНА БЕНЗИН ЧАЧЫП ӨРТТӨП ЖИБЕРДИ

0

Башкырстанда тамекиден чыккан жаңжалдан кийин, аял кошунасына бензин
чачып, өрттөп жиберген. Эми ал адам өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн сот

алдында жооп берерин “РИА Новости” билдирди.

Окуя бир үйдүн подъездинде болгон. Прокуратуранын маалыматы боюнча, 36
жаштагы аял үйдүн тепкичтеринде түн ичинде тамеки чегип отурган кошунасы

менен уруша кеткен.

“Уруш учурунда мас аял бензин куюлган бөтөлкөнү алып, кошунасына куюп, өрттөп
жиберген. Натыйжада эркек адам денесинин 50 пайызын күйгүзгөн”, — деп

билдирген прокуратурадан.

Шектүү адамга өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн

кылмыш иши козголгон.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.