Аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылат. Россиядан Кыргызстанга 474 тонна ун келет

0

Россиядан Кыргызстанга 474 тонна буудай уну келип, 5-апрель күнү аны тапшыруу иш-чарасы болот. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.

Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү
Ага ылайык, жардам иретинде келе турчу ун Кыргызстандагы аз камсыз болгон 1 800 үй-бүлөгө жана 78 миң окуучуга каралган.
2-апрель күнү Ошто ушул сыяктуу акция өтүп, анда аз камсыз болгон 3 700 үй-бүлөгө 610 тонна ун таратыла турганы айтылды.

Аталган долбоор БУУнун Азык-түлүк уюмуна Россия өз ыктыяры менен жүргүзө турган төлөмдүн алкагында ишке ашырылууда.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.