Баарыңыздарды ыйык Рамазан айы менен куттуктайм!

0

“Тынчтык” партиясынын төрайымы жалпы элди рамазан айы менен куттуктады.
“Урматтуу кыргыз элим! Баарыңыздарды келе жаткан ыйык Рамазан айы менен куттуктайм!
Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен жан дүйнөбүз тазарат, ыймандуулукка, жүрөктүн, пейилдин тазарышына жол табат. Жакшылыкка болгон үмүттөр бекемделет.
Элдик биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси-дал татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер дал ушул күндөрү бизге өтө зарыл.
Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм!
Туткан Орозоңуздар кабыл болсун!
Ушул ыйык орозо айы элибизге оомат алып келип, ынтымакта, тынчтыкта, амандыкта бололу!
Ыйык айда жакшы ой-тилегибизди Жараткан өзү кабыл кылып өлкөбүз өсүп өнүгө берсин!”

Get real time updates directly on you device, subscribe now.