Байден менен Зеленский кызматташтык маселелерин телефондон талкуулашты

0

АКШнын президенти Жо Байден 2-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу баарлашканын Ак үйдүн расмий сайты жазып чыкты.

Байден Донбасста жана Крымда жүрүп жаткан орусиялык баскынчылык кезеңинде «Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн Вашингтон кыйшаюусуз түрдө колдойт» деп ишендирди.

АКШ президенти өз өкмөтү президент Зеленскийдин жемкорлукка каршы күрөшүүгө багытталган жана демократиялык баалуулуктарга негизделген реформаларды илгерилетүү долбоорлорун колдоо жаатында стратегиялык өнөктөш бойдон кала берээрин баса белгиледи. Ак үй дал ушул асыл-нарктар Украина элинин акыйкаттыгына, коопсуздугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө кызмат кылат деп эсептейт.

Эки лидер тең бул реформалар Украинанын Евроатлантикалык ынтымакка мүчөлүккө умтулуусунун өзөгү экендигин белгилешти.

Эки өлкөнүн президенттери «COVID-19» пандемиясына каршы күрөштө АКШ менен Украинанын тыгыз кызматташтыгы маанилүү экенин белгилешти.

Жума күнү эртең менен, Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында жаатташкан тараптардын ортосундагы тилкеде «өтө опурталдуу кырдаал жаралды» деп билдирген. «Интерфакс» кабар агенттиги Песковдун украин куралдуу күчтөрү тарабынан «бир нече чагымчыл аракет» жасалгандыгы жөнүндө айткандарын жазып чыкты.

Бул аймакта соңку күнү ок атышуулар болгону жана акыбал кооптуу экендиги кабарланды.

2014-жылы жазында Орусия оболу Крым жарым аралын каратып алган, андан соң москвачыл жикчил күчтөр Кремлдин тымызын жана ырааттуу колдоосу астында Украинанын чыгышындагы айрым аймактарды өз көзөмөлүнө алып келет.

Донбасстагы куралдуу жаңжал 2014-жылдын жазынан бери уланып келет. Украина жана Батыш өлкөлөрү Орусияны Донбасстагы жикчил жоочуларды колдоодо деп айыпташууда. Расмий Кремль бул айыптоолорду өзүнө жуутпай келет. Кремлдин сөзүнө караганда, Донбасста орусиялык «ыктыярчылар» гана болушу ыктымал.

БУУнун маалыматына караганда, 2014-жылдын апрелинен 2021-жылдын 31-январына чейин Донбасстагы куралдуу жаңжалдын натыйжасында 13 миңден ашуун киши набыт кетти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.