Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти

0

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев отставкага кеткени кабарланууда. Маалыматтарга караганда, Зулушев бүгүн эмгек жамаатына жыйын өткөрүп, кызматтан кетип жатканын айткан. Анын оставкасынын себеби айтыла элек.

Курманкул Зулушев 2020-жылдын 21-октябрында башкы прокурор болуп дайындалган.

2024-жылы 24-апрелде президент Садыр Жапаров Зулушевге кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн сөгүш деп  жарыялаган.

Зулушев быйыл 19-апрелде Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.