Биринчи жолу орозо кармайм дегендерге муфтият менен дарыгерлерден кеңеш

0

Орозону биринчи кармап жаткан адамда ар тараптуу суроолор болушу мүмкүндүгүн эске алуу менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги адистердин пикирин укту.

Муфтияттын өкүлү: Рамазан айы мектеп сыяктуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу ниетти туура коюп, орозо кармагандан коркпош керектигин билдирди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу
«Орозодо кантип чарчабай, чаңкабай жүрүү керек деген суроо бар. Орозо — мусулман үчүн беш парздын бири. Балакатка жеткен, акыл-эстүү, оорубаган, дени сак адам кармаганы оң. Орозо туткан адамдын жан дүйнөсүндө парзымды аткарып жатам деген сезим болгондуктан, адам өтө деле суусап, ачка болбойт. Алгачкы күндөрү кыйналышы ыктымал, бирок сабырдуулукту, чыдамкайлуулукту көрсөтүү керек. Рамазан айы мектеп сыяктуу десе болот. 30 күн бою бир режимди карманасың», — деди Токтогазы уулу.
Ошондой эле ал орозо боюнча маалыматтар менен кенен таанышып чыгууну сунуштады.

Намазга келген мусулмандар.
Дары ичпейт, чылым чекпейт! Орозодо ооз бекиткендерге 10 «болбойт»
«Орозону алгачкы күндөрү же ортосунда эмес, башынан баштап аягына чейин кармоо керек. Орозону эмнелер буза турганын окуңуздар. Ошондой эле оозду өз убагында ачып, бекитүү керек. Түндө уйкуга карап кечинде ичкен тамагым жетет деп турбай койгон болбойт, Пайгамбарыбыздын хадистеринде «эртең мененки соор тамакты жегиле, береке бар. Оозду өтө кеч ачканга да болбойт», — деди муфтияттын өкүлү.
Бактияр Токтогазы уулу динде ооз ачканда жана жапканда тамакты тоё жебеш керек экендиги да баса белгиленгенин айтты.

Орозого организмди кантип даярдаса болот?
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун туура тамактануу боюнча адиси Марина Дүйшөнкулова орозо башталганга чейин организмди атайын ачкалыкка даярдоонун кереги жок деп эсептейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун туура тамактануу боюнча адиси Марина Дүйшөнкулова
«Рамазан айына психологиялык жактан да даярдануу керек. Орозо кармаганга даярданам деп тамакты көп убакыт ичпей, организмди кыйнаган туура эмес. Андан көрө туура тамактанууга өтүп, азыраак жеген сунушталат. Таттуу, куурулган, ышталган, ундан жасалган тамактарды болушунча азайтыңыздар, ачуу жана таттуу дагы кошулмаларды колдонбой деле коюңуздар. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылып, ашказанды дүүлүктүрөт», — деди адис.
Ошондой эле тамактанарга 10-15 мүнөт калганда бир стакан суу ичүүнү сунуштаган. Ал эми тамактангандан кийин ал сиңиши үчүн кеминде 2-3 саат кыймылда болуу керектигин, бирок түндө ооз бекиткендер шартына караса болорун белгиледи.

Диетолог туура тамактанам дегендер эмне азыктарды жеши керектиги боюнча кеңеш берди.

Касиеттүү түн интернет менен өтпөшү керек! Кадыр түнгө карата 7 «болбойт»
«Сууну салмакка жараша ичиңиздер (1 килограммга 30 миллилитр туура келет), салатты көп жеңиздер, малдын этинен тышкары балыктын жана тооктун этин колдонгонго аракет кылыңыздар, десертке таттуудан көрө мөмө-жемиш жеңиздер, тоюмдуу углевод катары гречка менен күрүчтү пайдалансаңыздар болот. Негизинен тамактануу жеңил, көп түрлүү жана витаминдүү болушу керек. Анан сууну көбүрөөк ичүүнү унутпаңыздар», — деген Дүйшөнкулова.
Адис туура тамактанууну орозодон кийин дагы улантып кетүүнү сунуштаган.

Ооз ачканда сууну толук ичүү керек
Диетолог Бактыгүл Иманкулованын билдиришинче, орозону биринчи кармап жаткан адам ачкалыкка көнбөй кыйналышы ыктымал, бирок бара-бара ага деле көнөт. Негизи орозо кармаган адамдын тамакка табити көп тарта бербейт.

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.