Укук коргоо органдары куруучу кандай жаракат алганын айтты. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.
Бишкектин Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 18 жаштагы курулушчу кулап түштү. Октябрь райондук милициясынын маалыматына караганда, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.Кырсык 1-мартта болгон. Жумушчу жаңы курулуп жаткан 14 кабаттуу имараттын 9-кабатынан кулап түшкөн. Ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, эки буту, ийини жана сол далысы сынган.
Видео https://www.instagram.com/p/CMUBgd6sNKY/
Аталган факт Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.