Бишкектеги көрүстөндөрдү алдын ала ээлеп коюу мыйзамдаштырылат

0

Бишкектеги көрүстөндөрдү алдын ала ээлеп коюу мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык сөөк коюу агенттигинин жетекчиси Уланбек Дүйшөнов билдиргенин 24 kg маалымат агенттиги жазды.

Агенттик 2021-жылдын декабрь айынан бери тиешелүү ченемдик-укуктук документтерди карап, айрым жерлерине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Толук даярдалып бүткөн соң, Бишкек шаардык кеңешине сунушталат.

«Жерди мыйзамдык жактан бекитүү» пунктун киргизип жатабыз. Бирок жакын туугандарына гана. Бул боюнча балким, күбөлүк бериле турган болот. Алдын ала ээлеп жаткандан кийин акча төлөнүшү керек. Ошондой эле адамдык факторду да эске алуу зарыл. Маселен, аялы күйөөсүнүн жанына коюлушу керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Уланбек Дүйшөнов белгилегендей, учурда көрүстөндөрдү ээлеп коюуга катуу тыюу салынып, жер берилбей жатат. Мындай учурлар ал кызматка келгенге чейин да болгон.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө маркумду акыркы сапарга узатуу 20 миң сомду түзөт. Ага көр казуу, транспорт, гүлчамбар жана башкалар кирет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.