Бишкектин бүгүн жана эртең жабыла турган көчөлөрүнүн тизмеси

0

Бишкек мэриясы борбор калаадагы жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабыларын эскертет.

План боюнча Бишкекте жалпы узундугу 16,5 чакырымга жеткен 27 көчөнүн жолу жай айларына чейин оңдолуп бүтөт.

Жакында эле Исакеев көчөсүнүн Ауэзовдон Валихановго чейинки бөлүгү жабылган. Бүгүн болсо Шевченко көчөсүнүн Жибек жолу проспектисинен Мичуринге чейинки бөлүгүндө ремонт башталды.

Эртең Леваневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиевге чейинки, Каховский көчөсүнүн Тимур Фрунзеден Кривоносовго чейинки бөлүгү жабылат.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.