Чүй облустук театрынын жаңы имараты ачылды

0

Узак убакыттан бери өзүнүн имараты жок болуп келген Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры мурдагы «Октябрь» кинотеатрынын имаратына жайгаштырылды.

28-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү облустук театрдын имаратынын ачылышына катышты.

Анда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы коюлду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Чүй облустук театры өлкөнүн театр искусствосунда жана маданият тармагында өзгөчө орунду ээлеп, чыгаан таланттарды тарбиялап келгенин белгиледи. Бул театрда эл артисттери Болот Бейшеналиев, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Абдыкалыков, Гүлайым Каниметова, Марат Алышпаевдер иштешкен.

2023-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында жайгашкан баштагы «Октябрь» кинотеатры Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын карамагына өткөрүлүп берилген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.