Чет өлкөлүк жарандарга жасалма медициналык маалымкаттарды берген канал аныкталды

0

Жасалма медициналык маалымкаттарды колдонгон чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясына каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, УКМК тарабынан дагы бир кезектеги факт ачыкталды, — деп билдирет атайын кызмат.

2026-жылдын 20-майында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында КР УКМК кызматкерлери тарабынан чет мамлекеттин Л.Ц. аттуу жараны кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын айрым жарандары жана Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, жасалма медициналык маалымкаттарды колдонуу аркылуу чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясынын каналын уюштурган.

Тактап айтканда, Л.Ц.нын иштеген жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берүүчү визаларды тариздөө жана узартуу үчүн колдонулган 90дон ашык даяр медициналык маалымкаттар табылып, алынды.

УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды терс кесепеттерге жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Эске салсак, чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган. Аталган берене боюнча 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугун 3 жылга чейин чектөө, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жаза каралат.

Учурда Л.Ц. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.