Чынара Мамажакыпова, «Тынчтык» партиясынын лидери: “Аялдардын эмгегин баалоо деңгээлин жогорулатуучу программа түзүп чыгууну көздөйм»
—Алгач өзүңүз тууралуу тааныштырып өтсөңүз….
—Айтылуу Алай ханышасы, Курманжан датка энебиздин урпактарынан экенимди ар убак сыймыктануу менен белгилеп айтып келем.
Алайдын суусун ичип чоңойдум. Жарык дүйнөгө келген ар бир адамзат түрдүү макса кыялдар менен калыптанат жетилет эмеспи. Жеке аракетим менен бир топ максат тилектеримдин көбү орундалганына бүгүн кубанычтамын.
Жыйырма жылдай убакыттан бери жеке ишкерлик менен келем. Учурда 500дөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылып келем. Элиме, жериме, баардык кыргызыма дагы жарыгым, жардамым тийсе деген ойлорум бар. Жаш болсом дагы көп нерселерди көрдүм. Ишкерлик тармакта, коомдук иштерде өзүмдү сынадым. Чет-өлкөлүк адамдар менен да иштештим. Ошону менен бирге кайрымдуулук менен алектенгениме он жылдын тегереги болуп калды. Биз негиздеген “Аярзат” коомдук фондун жылдын башында атайын расмий түрдө каттадык.
Өзүм адвокат болгондуктан,юристпруденция, юридика тармагында да азыр кандидаттыгымды жактап жатам. Ошол тармактандагы алсыз адамдарга көбүрөөк жардам керек экенин жакшы түшүнүп жардамыбызды берип келебиз.
—Эмне үчүн «Тынчтык» партиясын тандадыңыз?
—Буга чейин “Ыйман Нуру” партиясы менен чоң жарышка аттанып, саясат эмне экенин жакшы түшүндүм. Жакшынын шарапаты дегендей, Нуржигит Кадырбеков агайдан жакшы нерселерди алдым. Анан “Тынчтык” партиясы лидерликке чакырганда ойлондум, “эмнеге мен ушундай кыйын учурда баш тартышым керек?” деп, “Тынчтык” саясый партиясы менен чоң жарышка баратам. Кудайым буюрса, ушул партия менен азыр шаардык кеңешке, анан Жогорку Кеңешке аттанабыз. Учурда Кыргызстанга бир гана тынчтык керек. Тынчтык менен биримдик болбосо, өнүгүп өсө албайбыз. “Тынчтык” партиясы 2006-жылы түзүлүптүр. Аны түзгөн агаларыбыз да жөнөкөй адамдар эмес. Алар дагы саясый кеңеш мүчөлөрү болуп катталган. Бизге кеңешин берет. Жаштар максаттарыбызды орундатууга, Кыргызстанды өнүгүү жолуна салуу үчүн чоң жарышка аттандык.
—Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагында иштеген айымдарга кандай шарттар түзүлгөн?
—Көбүнчө цехтерде жумуш шарттары оор, аялдар жакшы акча табыш үчүн үйдөгү балдарын дагы, ден-соолуктарын дагы унутта калтырып 12 саатан иштешет. Бул тармакта иштеген Аялдар көбүнчө жалгыз же үй-бүлөсүндө жалгыз акча тапкан энелер. Бул тармакта күндөп түндөп эмгектенген энелерди, эч ыңгайсыз оор шарттарды көрүп туруп жүрөк ооруйт.
Бул тармака Шаардык кеңештен көбүрөөк көңүл буруп жеңил өнөр жайларды жана ошондой эле аялдардын эмгегин баалоо деңгээлин жогорулатуучу программа түзүп чыгууну көздөйм.
—Аялдарды социалдык жактан коргоо закону, биздин борбор шаарда канчалык деңгээлде иштейт?
— Бул өтө оор суроо. Кыргызстан аялдардын укугун коргоо, аларды өнүктүрүү боюнча чөлкөмдө эле эмес, көп мамлекеттерге салыштырмалуу керектүү мыйзамдарды кабыл алганын өкмөт такай айтып келет. Бирок алардын көбү толук кандуу ишке ашпай жатканы өкүнүчтүү.
Азыркы учурда оорчулук айрыкча аялдарга түшүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Кыргызстан Орто Азияда биринчи орунда турат. Бул абдан уят көрүнүш.
Аялдарды коргоо борборлорунун айтымында жылына өлкөдө үй-бүлөлүк кордук көргөн аялдардан 7-8 миң арыз ИИМге, 16-17 миң кайрылуу кризистик борборлорго жана 4 миңге чукул арыз аксакалдар сотуна келип түшөт.
Эне-аялдардын ден-соолугун коргоонун укуктук ченемдери, ден-соолугуна, балдарды тарбиялоонун артыкчылыктарына байланыштуу укуктук ченемдер Эмгек мыйзамдарынын кодексинде көрсөтүлгөнү менен иш жүзүнө келген таптакыр башкача көрүнүштөргө күбө болуп келебиз.
Өзүмдүн негизги кесибим адвокат болгондуктан юридикалык сабатсыздык, юридикалык жардамга муктаждар көйгөйлөрү арбын экенин көрүп турам. Мунун баарын шаардык кеңештен чечкенге мүмкүнчүлүктөр бар.