“Аярзат” коомдук бирикмесин түзүп, аялуу катмарга кубаныч тартуулаган мыкты кызыбыз Чынара Мамажакыпова эми “Тынчтык” партиясына лидер болуп саясатка аттанганын кабарлады. Курманжан датка энебиздин урпагы, Алайдын кызы Чынара айымга ак жол каалап, маек курдук.
—Чынара айым, cаясатка аттанууңузга эмне себеп? Балким жүрөк ооруткан көйгөйлөр болгондур?
—Жыйырмажылдайжекеишкерликмененалектендим. Ошолжекеишкерликтенөзүмдүн оюмдагы көпнерселергежетиштим. Ал иштердиаракетим мененалып кете алдым. Өзүмдүнкүчүмдү башка нерселерден да сынагымкелди. Албетте,дизайнерликтеатайынбрендден чыкканкийимдердиконкурстаргачыгарып,булжактандагыжакшыорундаргаээболуп турдук. Ошол учурда Италиянын Милан шаарына чакыруу келген. Милан шаарынан жеке компаниябыз менен биргеликте иштөөгө сунуштарды алып, беш жылдык келишим түзүп келгенбиз. Ал келишимдер улам жаңыртылып келет. Учурда 500дөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылып келем. Элиме, жериме, баардык кыргызыма дагы жарыгым, жардамым тийсе деген ойлорум бар. Жаш болсом дагы көп нерселерди көрдүм. Ишкерлик тармакта, коомдук иштерде өзүмдү сынадым. Четөлкөлүк адамдар менен да иштештим. Саясатка баруумдун себеби, азыр биздин Кыргызстанда көп көйгөйлүү маселелер жаралып жатат. Мындайча айтканда, өтө коркунучтуу абалда турабыз. Анан ошол кооптуу абалда кыргызымды сактап калууга күчүмдү жумшасам (!) деген тилектер бар. Курманжан датка энебиз эгемендүүлүгүбүздү, кыргыздарды орустардан мындан оор абалда сактап келген. Ал аялзаты болсо да, назик болсо да, тайманбастыгы, баатыр жүрөгү менен чечкиндүү иш алып барып, улутубузду сактады. Азыр Курманжан даткадай тайманбас, айкөл адамга муктажбыз. Датканын урпагы катары аз да болсо элимдин биримдигин, тынчтыгын сактоого өз салымымды кошкум келип, саясатка аттанууга бел байладым.
“Тынчтык” саясый партиясы менен чоң жарышка аттандым. Буга чейин “Ыйман Нуру” партиясы менен чоң жарышка аттанып, саясат эмне экенин жакшы түшүндүм. Жакшынын шарапаты дегендей, Нуржигит Кадырбеков агайдан жакшы нерселерди алдым. Анан “Тынчтык” партиясы лидерликке чакырганда ойлондум, “эмнеге мен ушундай кыйын учурда баш тартышым керек?” деп, “Тынчтык” саясый партиясы менен чоң жарышка баратам. “Ыйман Нурунан” жакшы кеңештерди, агайымдан бата алдым. Кудайым буюрса, ушул партия менен азыр шаардык кеңешке, анан Жогорку Кеңешке аттанабыз. Учурда Кыргызстанга бир гана тынчтык керек. Тынчтык менен биримдик болбосо, өнүгүп өсө албайбыз. “Тынчтык” партиясы 2006-жылы түзүлүптүр. Аны түзгөн агаларыбыз да жөнөкөй адамдар эмес. Алар дагы саясый кеңеш мүчөлөрү болуп катталган. Бизге кеңешин берет. Жаштар максаттарыбызды орундатууга, Кыргызстанды өнүгүү жолуна салуу үчүн чоң жарышка аттандык.
— Силердин «Аярзат» фондусунун жүрөк жылыткан кайрымдуулук иштерине күбө болуп келебиз. Жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, алардын үмүттүү көздөрүн көргөндө кандай ойлорго чулганасың?
—Кайрымдуулук менен алектенгениме он жылдын тегереги болуп калды. Көпчүлүк коомдук иштерде жүрүп калдым. Көпчүлүк “кайсы нерсени көбүрөөк жарыя кылсаң, ошол нерсе чоңоёт” деген кептерге ынанып, “Аярзат” коомдук фондун жылдын башында атайын расмий түрдө каттадык.
Өзүм адвокат болгондуктан,юристпруденция, юридикатармагында да азыркандидаттыгымдыжактапжатам. Ошолтармактандагыалсыз адамдарга көбүрөөкжардамбердик да. Айрымадамдарыбыз бар, өзүнүнкордолуп, кыйналыпжатканын“башкаларукпай эле койсунчу. Менин дагы досторум, тааныштарым бар, билбей эле койсунчу” дейт. “Бул маселе үчүн ички иштер, саламаттык сактоо, билим берүүминистрликтери менен иш алып баралы” деп меморандумдарды түзүп, кайрымдуулук фондубузду жогорку денгээлде иштеткенге түрттү. Ошондой министрликтер менен иштешип, жыйынтыгын көрсөтүү максатында көп иштерди аркалап келебиз. “Аярзатты” ачканымдын дагы себеби, апакем каза болгондо анын урматына энекемдин жакшы адам болгонун даңазалайын деген максатта ачып, эл-журтка алып чыктык.
Биздин “Аярзатты” көрүп,биринен бири өтүп,“бизделе ачсак болот экен да, Чынара Мамажакыпованын колунан келип жаткан соң биздин колубуздан эмнеге келбейт? Ал жалгыз ошол нерсени бештен-ондон биригип болсо дагы ачалы” деген сунуштарды бири-бирине берип, иш баштагандар көп болду. Мен “Аярзатты” бир кызматта отурсам-отурбасам дагы, жөнөкөй ишкер, же жөн эле жүргөн айым болсом дагы, бул ишти алып кетем. Кийин уул-кыздарыма өткөрүп берүү кыялдарым бар.
—Жаңы президентибиз СадырЖапаров тууралуу кандай ойдосуң?
—СадырЖапаровтууралуужакшыойлорум бар. Жашболсодагыбулкишининбашынанкөпкыйынчылыктарөттү. Ошондуктан“көпжашаганэмес,көптүкөргөн билет”дегенкеп бар. Биз убакытберишибизкерек. Колдоп, кошожардамберели. Жалгызадамэчнерсеничечеалбайт. Жардамчыларыжакшыболуп, ар тараптанколдоп алганыбыз оң. Биздинбалдарыбыздынкелечегипрезидентибиздинколундатурат. Мамлекетибизмындан ары өсүп-өнүгүп,тынччылыкта, биримдиктежакшыжашап кете турганболсок,өлкөбүзөнүгүүжолунатүшөт.
—Бүгүнкү кыргыз айымдары, алардын орду тууралуу да пикириңди уксак?
—Биздин кыргыз айымдары даанышман, акылдуу келишет. Коомдо, баардык жерде өздөрүн жакшы алып жүрүшөт. Өзүбүздүн чакан компанияларда жалаң эле айымдар менен иштейм. Алар үй-бүлөсүн да багып, башка иштерге да жетишип жатышат. Биздин мырзалар ошолорго жардам берип, жакшы сөздөрүн айтып, барктап, мактап турса. Чубак ажы айткандай,“аялыңды көкөлөтүп мактап турсаң, ал сага тоону да томкоруп берет” дегендей, аялдын назик жүрөгү жылуу сөздөргө дайыма муктаж.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
Азия-ньюс гезити