Чынара Мамажакыпова: “Журтума ыйман тилеп биримдикке, тынчтыкка чакырам!”

0

 

«Акча бийлеп турган жерде, адилеттүүлүк ыйлап турат» дегендей эле болдук.

Акча, бийлик жана хайптын доору да өтөөр.  Акылдын күчү жеңип, билимдүүлөр, эл деп күйгөндөр бийликке келчү күнгө да жетеербиз.

Эл кайрадан эле баягы олигархтардын партиясын тандап алды. “Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң” дегендей элге боорум ачыйт.

Пандемия бир жагынан желкелеп, экономикабыз күн санап алсырап, өлкө араң турганда эми төрт мандатты талашып кайрадан ызы-чууну, митингдерди уюштуруу  кажетсиз.

«Ачуу душман акыл дос» дегендей бизге азыр тынчтык, биримдик, стабилдүүлүк гана керек.

Эл үчүн күйгөн адамдар дайыма элдин жанында, элдин арасында.

Биздин мандатыбыз, бийлигибиз болбосо да мурдагы жасаган иштерибизди улантып, эл адамы бойдон калабыз!

Буга чейин көп жакшы иштер жасалып, элдин кызы аталдым. Элдин кызы катары элим үчүн аткара турган иштерим али алдыда. Эл үчүн жасаган иштерим улана берет!

Элдин аң-сезими жетилип байлыка эмес, билимге, абийирге басым жасачу күндөр келет деген үмүттөмүн.

Бүгүн орозо айынын босогосунда турабыз!

Журтума ыйман тилеп дагы бир ирет биримдикке, тынчтыкка чакырам!

Биздин өлкөбүз үчүн баарынан тынчтык, туруктуулук, биримдик баалуу.

Элибиздин тынчтыгы үчүн биз баардык шартка баш ийип, тынчтыкта жашоого чакырам!

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.