COVID-19. Бир суткада 781 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 17-январга карата коронавирус дагы 781 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 658, Ош шаарында — 11, Чүй облусунда — 48, Талас облусунда — 14, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 27 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 63, Чүй облусунда — 15, Ош облусунда — 9, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 97, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 907 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 167 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 190 миң 468 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 72 киши айыгып чыкса, 2 миң 833 адам каза болду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.