COVID жуктургандар көбөйсө Бишкекке  чектөөлөр киргизилет

0

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетсе бийлик базарлар менен супермаркеттердин иш күнүн кыскартат. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Ал мындай суроого Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн жыйында жооп берген.

«Эгер абал курчуй турган болсо, биринчи кезекте өнөр жай жана азык-түлүк базарлары, ошондой эле супермаркеттердин иш күнү кыскартылат. Мындан тышкары, адамдар ортосундагы байланышты азайтып, оорунун жайылышын алдын алабыз. Бул жерде кеп жумушту токтотуп салуу тууралуу эмес, иш күндү кыскартуу жөнүндө болуп жатат», — деди Рыскулбекова.

Ушул эле брифингде 1-апрелде балдар кандай окуй турганы да айтылды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.