Дүйнө чемпионаты −2026: Бүгүн футбол тарыхындагы эң ири беттештер башталат

0

Футбол дүйнөсүндө төрт жылда бир болчу негизги окуя — Дүйнө чемпионаты бүгүн,11-июнда башталат. Турнир тарыхта биринчи жолу үч өлкө — АКШ, Канада жана Мексикада жайгашкан 16 стадиондо өтүп, 48 курама команда катышат

Футбол боюнча 23-дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин өтөт. Мелдеште тарыхта биринчи жолу 12 себетке бөлүнгөн 48 курама команда ойнойт.

Плей-оффко ар бир группадан экиден жеңүүчү, ошондой эле үчүнчү орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты сегиз курама команда чыгат. Жалпысынан рекорддук 104 матч өткөрүлөт.

Турнирдин форматы

Катышуучулардын саны көбөйгөндүктөн, чемпионаттын форматы да кыйла татаал болуп калды. Буга чейин (1998-жылдан 2022-жылга чейин) жөнөкөй болчу: 32 команда 8 топко бөлүнчү. Кийинки баскычка ар бир топтон эң күчтүү эки команда чыгып, утулган эки команда үйүнө кайтчу.

Быйылкы трнирдин алкагындагы оюндарга 48 курама команда катышып, алар төрттөн командадан турган 12 тайпага бөлүнөт.

Оюндар 16 шаарда өтөт

АКШда беттештер Атланта, Бостон, Даллас, Хьюстон, Канзас-Сити, Лос-Анджелес, Майами, Нью-Йорк, Филадельфия, Сан-Франциско жана Сиэтл шаарларында болот. Мексикадан Гвадалахара, Мехико жана Монтеррей, ал эми Канададан Торонто жана Ванкувер шаарлары катышат

Get real time updates directly on you device, subscribe now.