ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирине жумуртканын экспорту 155 эсеге көбөйдү

0
 Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирине жумуртка экспорттоо 155 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-март айларынын ичинде Кыргызстан Казакстанга 8 миллион 812,8 миң жумуртка саткан. Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгында аталган мамлекетке 56 600 даана жумуртка экспорттолгон.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.