Ээсинин алы келбей. Бишкекте ит окуучу бала менен аялга кол салды (Видео)

0

Бишкекте ит окуучу бала менен аялды тиштегилеп жаткан видео социалдык тармакка тарады.

Тасмада көрүнгөндөй, алгач байланган ит менен ээси көчөдө келе жаткан. Ал кандайдыр бир жол менен бошонуп кетип, келе жаткан окуучуларга кол салган. Анда бир окуучунун бутунан коё бербей тиштегилеп, ээси арачалай албай жатканын көрүүгө болот.

Ал эми иттин ээси аны байлаган жиби менен сабап, бирок алы келбей койгон.

Ал ортодо арачага түшкөн аялга кол салып жатканын байкоого болот.

Бул окуя боюнча учурда тийиштүү органдардан маалымат айтыла элек.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.