Эжем бир жылдан бери белгисиз, түшүнбөгөн бир оору менен ооруп жатат

0

Менин сурайын дегеним, бир тууган эжем тууралуу. Жашы 40ка таяп калды. Ошол эжем  бир жылдан бери белгисиз, түшүнбөгөн бир оору менен ооруп жатат. Оорусунун айынан турмушунан ажырашып, жумушунан дагы айрылды. Эки баласын таштап, карабай койду. Кара дуба барбы деп күчтүү молдолорго да дем салдырдык, бирок жыйынтыгы жок. Кечке бир бөлмөдөн чыкпайт, мурун намаз окучу эмес, азыр 5 маал намаз окуйт, бирок туура окуп жатабы, белгисиз. Телефонуна бир эркектин номерин сактап алып, кечке жазышып, ар нерсени сүйлөшөт, бирок ал номер иштебейт, өзү жазып, өзү жооп берип отура берет. Ушул адамга күйөөгө тийем деп. Туруп, тиричилик кыл десек, айкырып, кыйкырып кирет, «батпай жатамбы?» деп. Алдап дагы түшүндүрүп көрдүк. Өнү, түсү жашынакай эле. Жин киргенби же шизофрения деген оорубу, түшүнбөй жатабыз. Кандай кылып жардам берип баштагыдай калыбына кайтарабыз? Араңыздарда жакындарыңызда ушундай болуп ооруп, аякандар барбы? Болсо, кенеш бериңиздерчи

.aiymdar.ledy

Get real time updates directly on you device, subscribe now.