«Ишкер24» тиркемесин 20 миңден ашуун колдонуучу жүктөп алды

0

«Ишкер24» тиркемесин 20 миңден ашуун колдонуучу жүктөп алды. Бул тууралуу «Элдик Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Ишкер24” тиркемеси чакан жана орто ишкердикти колдоого багытталган. Жаңы санариптик продуктунун жардамы менен ишкердик менен алектенген жарандар аралыктан эле салыктык жана каржылык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк алышууда.

“Бүгүнкү күндө биздин бул тиркеменин колдонуучулары үчүн эң керектүү тейлөө кызматы жеңил болуп калды. Жеке ишкерлер эми салык кызматына жана банктын филиалдарына барбай, онлайн катталып, башка салык жана финансы кызматтарын да кеңири пайдалана алышат. Салык карыздарын текшерүүгө, салыктарды эсептөө жана төлөө, ККМ каттоо жана берүү, бизнес-карта ачуу жана банк картасына которуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр түзүлдү”, — деди ал.

Ошондой эле Уланбек Ногойбаев өткөн аптада электрондук эсеп фактура (ЭЭФ) менен иштөө кызматы ишке ашырылганын, алдыда электрондук товар-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) менен иштөө кызматы аягына чыгып калганын белгиледи.

“Альфа Телеком” ЖАКтын башкы директору Айбек Күрөңкеев тиркеменин MEGA абоненттери үчүн кошумча артыкчылыкка ээ болуп, смартфон аркылуу бизнести башкаруу менен убакыт жана акча үнөмдөлүп жатканына токтолду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.