Ишкердик жөнүндө бестселлер кыргыз тилинде жарык көрдү

0

PayPal, Palantir компанияларын негиздегендердин бири, Facebook компаниясынын алгачкы тышкы инвестору Питер Тилдин «НӨЛдөн БИРге: Стартаптар тууралуу маалымат же келечекти кантип курабыз?» китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

Бул тууралуу китепти кыргызчалап, басып чыгарган “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакыт Абдуллаев “Азаттыкка” билдирди.

Китепти Элмира Абжапарова кыргызчалаган.

Автор өз эмгегинде стартап куруунун стратегияларын бөлүшүп, өз тажрыйбасын баяндайт. Китеп стартаперлерге, ишкерлерге, жаштарга, өз ишин баштагысы келген бардык окурмандарга сунушталат. Буга чейин 37 тилге которулган.

Китептин бет ачары 15-декарда саат 15:00дө Бишкектеги “Инновациялык борбордо” өтөт.

Кыргызстанда соңку жылдары басма үйлөрү дүйнөлүк тилдердеги китептерди кыргыз тилине которо баштады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 1367 китеп жана китепчелер басылып чыккан. Алардын басымдуусу кыргыз тилинде. Жылдык нуска 1,6 миллионго жетип, 1000 кишиге 250 китеп туура келген.

Ага чейин, 2021-жылы 685 миң нускада китеп жана китепчелер жарык көрүп, 1000 адамга 107 китеп туура келери эсептелген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.