Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасынын финалында улакчы Руслан Чыныбек уулу жаракат алды.Капталдан урдурду. Көк бөрү финалында «Жети-Өгүздүн» улакчысы аттан кулады.

0

Анда Талас облусунун «Кара-Буурасы» менен Ысык-Көлдүн «Жети-Өгүз» командасы беттешти. Оюндун экинчи бөлүгүндө «Жети-Өгүздүн» оюнчусу Руслан Чыныбек уулу жекеме-жекеден улакты эңип чыккан. Ошол учурда каршылашы Ниязбек Мадалбек уулу капталдан урдуруп, атаандашы аттан кулап түштү.

Улакчы жыгылганда катуу түшүп калдыбы, айтор, тура албай жатып калды. Медиктер чакыртылып, тез жардам унаасы алып кетти.

Мындан улам «Кара-Бууранын» бир оюнчусу 2 мүнөттүк жаза мамыга чыгарылды.

Натыйжада 2:1 эсеби менен «Кара-Буура» командасы биринчи лиганын баш байгесин утуп алды.

Ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтүп жатат.

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.